24-февралга карата Токтогул суу сактагычында 9 млрд 824 млн куб метр суу бар

24 февраля 2021, 10:00

Бүгүн, 24-февралда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 824 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 212 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 597 куб метрге жетүүдө.