Ата мекендик 25 компанияга чет элдик жарандарды жумушка алууга уруксат берилди

16 ноября 2020, 15:45

Чет элдик жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу боюнча 25 компаниянын арыздары колдоого алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын сайтында маалымдалды.


13-ноябрда чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга жана пайдаланууга квоталарды бөлүштүрүү боюнча ведомстволор аралык лицензиялык комиссиянын отуруму болуп өттү.
Жалпысынан 34 арыз каралып, анын ичинен сегиз компанияга чет өлкөлүктөрдү жумушка тартууга квота берилбей калган.


Комиссия бир компаниянын арызын белгисиз мөөнөткө жылдырууну чечкенин айтылат маалыматта.