№26 Ленин шайлоо округунан депутат болууну көздөгөндөр 18ге жетти
Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болууну көздөгөндөрдүн саны 18ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, арыз бергендердин баары өзүн-өзү көрсөткөндөр.
Аталган аймак боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү 28-майда өтөт.
БШК шайлоонун жалпы сметасын дээрлик 19 миллион сом деп эсептеген.
Эске салсак, кайра шайлоо №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан парламентке келген Жаныбек Абировдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганына байланыштуу белгиленген. Буга Бишкектеги ресторандардын биринде Абиров катышкан мушташ себеп болгон.