«Ак-Жол» өткөрмө бекетинде убактылуу чектөө киргизилет

29 марта 2023, 18:02

Эртең, 30-мартта саат 08:00дөн 12:00гө чейин "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу адамдардын, транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Мунун себеби аталган бекеттеги оңдоо иштери менен байланыштуу.

"Биз жарандарды жана айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландаштырууга чакырабыз. Зарыл болгон учурда жарандар жана транспорт каражаттарынын айдоочулары Чүй облусунун аймагындагы кыргыз-казак башка мамлекеттик чек аралары  - "Чалдыбар-автодорожный", "Ак-Тилек-автодорожный", "Токмок-автодорожный", "Кең-Булуң-автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу өтө алышат", деп билдирди Чек ара кызматы.