Кыргызстандыктардын чет өлкөгө акча которуулары 15,29% га көбөйдү

11 августа 2021, 14:22

Ушул жылдын январь айынан июнь айына чейин кыргызстандыктар чет өлкөгө 252,3 миллион доллар жөнөтүшкөн, былтыр бул сумма 213.7 млн $ болчу деп жазды республиканын Улуттук банкы.

Алар март айында эң чоң сумманы - дээрлик 50 миллион доллар которушкан.

Жөнөтүлгөн каражаттардын 96,35% Россия Федерациясына кетет.