4-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында 14 млрд 956 млн куб метр суу бар

4 сентября 2020, 11:00

Бүгүн, 4-сентябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 956 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 612 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 294 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.