Кыргызстандын өнөр жай продукциясынын дээрлик тең жарымы Чүйдө өндүрүлөт

10 февраля 2022, 09:15

Расмий маалыматтарга караганда, 2021-жылы Кыргызстанда өнөр жай продукциясынын көлөмү 357 млрд 176,5 млн сомду түздү.

Мында өндүрүштүн басымдуу бөлүгү, тагыраагы 45,9%ы Чүй облусунун ишканаларына туура келген. Анда 2021-жылы өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмү 163 млрд 949,1 млн сомго бааланган.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылы өндүрүштүн көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу нарктык мааниде 11,35%га өскөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн физикалык көлөмүнүн өсүшү Ысык-Көл жана Талас облустарын кошпогондо, бардык региондор тарабынан камсыз болот.