Энергетикалык компаниялардын акциялары биржада өткөн сооданын 46,5%ын ээледи

25 января 2022, 10:02

Кечээ, 24-январда Кыргыз фондулук биржасында сооданын көлөмү 4 млн 458,3 миң сомду түздү. Бул тууралуу фондулук биржанын сайтында жарыяланган.

Бүтүмдөр 12 ата мекендик компаниянын баалуу кагаздары менен катталган. Алардын эң ириси KICB облигациялары менен – 2 млн 257 миң сомго, “Биринчи Металлобаза” ЖЧКсы – 1 млн 707 миң сомго жана “Кредиттик союздардын каржылык компаниясы” ААКнын жөнөкөй акциялары – 214,8 миң сомго жасалган.

Аны менен бирге эле сатылган баалуу кагаздардын жалпы санынын 46,5%ы энергетикалык компаниялардын – “Ошэлектро” ААК, “Чыгыш электр” ААК, “Жалалабатэлектро” ААК, “Түндүк электр” ААКтын акцияларына туура келет.