5 жылдык баалуу кагаздардын кирешеси 10.93% түзгөн

4 сентября 2020, 17:00

Улуттук банкта 4-сентябрда өткөн аукциондун жыйынтыгында, 5 жылдык мамлекеттик казыналык баалуу кагаздардын кирешеси 10.93% түзгөн. Бул тууралуу республиканын башкы регулятору маалымдайт. 

Эске сала кетсек, аукциондо 500 млн жайгаштыруу пландалган. 

Республиканын финансы министрлиги сентябрда бюджетке баалуу кагаздардын эсебинен 1.9  млрд сом тартууну пландаган.