560 миңден ашуун жаран социалдык төлөмдөрдү алган

29 июля 2020, 14:50

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан бериле турчу баардык төлөмдөр өз убагында жана толук көлөмдө каржыланган.  Алуучулардын жалпы саны орточо эсеп менен 560 миңден ашуун жаранды түздү. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде ЭСӨМ статс-катчысы Каныбек Адиев билдирди.

«Коронавирус пандемиясына карата киргизилген өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда жарандардын социалдык жактан корголгон эмес катмарына жардам көрсөтүү үч багытта жүргүзүлүп жатты: гуманитардык/каржылык, социалдык кепилдик жана кошумча жардамды уюштуруу түрүндө»,-деди ал.

Гуманитардык жардам колунда жок жарандарга, пособияларды алгандыгын же албагандыгын эске алуу менен, оор жашоо шарттарына кабылган үй-бүлөлөргө,  жана жашаган аймагына жараша гуманитардык жардам алууга муктаж жарандарга берилди.

Ошондой эле Адиев белгилегендей, калктын аярлуу катмарын колдоо максатында, документтерди талап кылбастан социалдык төлөмдөрдүн жана кепилдиктердин мөөнөттөрү жылдырылган.