Баткенде 580дей ишкер жеңилдетилген насыя алды

16 января 2023, 13:40

"Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо" долбоорунун алкагында 579 чарбакер субъектиге 480,93 млн сомго насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Долбоордун максаты - Баткен облусунун мындан аркы өнүгүүсүн камсыз кылуу, жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыяларды берүү аркылуу ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү.

Долбоордун алкагында кредиттик каражаттарды алуунун шарттары тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн потенциалдуу карыз алуучулар "Айыл Банк" ААКтын коммерциялык банктарынын филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө кайрылса болот.