Банктык карталар менен операциялардын 58% Бишкек шаарында жүргүзүлөт
Төлөм карталарынын 39% (1,2 млн даана) Бишкекте жүгүртүлүүдө. Бул көлөм Кыргызстанда жүргүзүлгөн бардык операциялардын 58% түзөт деп айтылат Улуттук банктын отчетунда.
Ал эми аймактарда жүгүртүүдөгү карталардын саны төмөнкүдөй:
- Ош - 529 миң;
- Жалал-Абад - 459 миң;
- Чүй - 303 миң карточка;
- Ысык-Көл - 242,8 миң;
- Баткен - 207,6 миң карточка;
- Нарын - 155,2 миң;
- Талас - 113,6 миң.