Казакстандыктардын 58.2%  шаарларда жашашат

22 января 2020, 10:00

Декабрь айынын жыйынтыгы менен Казакстанда 18.4 млн калк жашары белгилүү болду. Анын ичинен 10.7 млн (58.2%) шаарларда жашашат. Бул тууралуу ranking.kz басылмасы билдирди. 

Агенттиктин берген маалыматына ылайык, шаардагы калктын саны 2.6% көбөйгөн. Элеттеги жарандардын саны 7.7 млн адамды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 0.5% азайган. Шаардагы жана элеттеги калктардын санынын өзгөрүшү - ички жана сырткы миграция менен байланыштуу. 

Казакстандын ичиндеги үч кварталдагы ички мигранттардын саны 825.9 миң адам, дагы 34.2 миң адам өлкөдөн сыртка чыгып кеткен. 8 миң адам - Казакстан Республикасына келишкен.