Кыргызстанда мектептердин 65% ысык тамак менен камсыз болгон

19 декабря 2019, 16:10

Кыргызстанда 2 миң 265 мектеп бар. анын ичинен ысык тамак менен 1.4 миң мектептин башталгыч классында окуган окуучулар камсыз болушкан. Бул тууралуу КР билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт. 

Министрликтин маалыматына ылайык, 1.5 миң мектп ашпозчулары 72 сааттык атайын окутуу курстарынан өтүшкөн. Андан сырткары, ашпозчулардан квалификациялык талаптар иштелип чыгып, бекитилген. Кесиптик лицейлердеги ашпозчуларды 340 сааттык окутуу программасы  дагы киргизилген.

Жыл сайын окуучулардын тамактануусуна бюджеттен 500 млн сом бөлүнөт. Жакынкы арада ысык тамак республиканын дагы 100 мектебине камсыз болот.