Аптанын соода көлөмүнүн 66,41%ын экинчилик рынок ээледи

1 ноября 2022, 15:15

Өткөн аптанын 24-октябрынан 28-октябрга чейин Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтчасында бүтүмдөрдүн көлөмү 1 миллион 420 миң сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир топ төмөн. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти.

Бүтүмдөр корпоративдик сектордо гана катталган, ошол эле мезгилдеги соода көлөмүнүн чоң үлүшүн экинчилик рынок ээлеген (аптадагы соода көлөмүнүн 66,41%).

Биринчилик рыноктун бөлүмүндө эки компаниянын корпоративдик облигацияларын жайгаштыруу боюнча бүтүмдөр катталган, алар жалпысынан 480 миң сомго жайгаштырылган, ал сооданын 33,59% үлүшүн алган. “UBS Транзит”   460 миң сом жана “Текстил Транс” 20 миң сомду түзгөн.

“Экинчи рынокто жалпы суммасы 940 миң сомдук беш бүтүм катталган. “Ками Моторстун” жөнөкөй акциялары менен 440 миң сомдук бүтүм эң чоң көлөм менен катталып, компаниянын үлүшүнүн баасы 2,2 миң сомду түздү. Көлөмү боюнча компаниялардын акциялары менен болгон бүтүмдөрдүн ичинен “Кыргызнефтегаз” жөнөкөй акциялары менен бүтүмдөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот.  Алардын жалпы суммасы 340 миң сомду түзгөн. Акциянын баасы 210 сомду түзөт», - деп белгилейт Кыргыз фондулук биржасы.

Ошондой эле “Жаштыкинвест”, “Бишкексүт” жана “Биринчи металлобаза” ишканаларынын акциялары менен бүтүмдөр болгон.