Кыргызстандын жети миллионунчу жараны 16 жашында 11,5 млн сом алат

25 октября 2022, 13:39

Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Жакшылыктын “Айыл банктагы” депозиттик эсебине 1 миллион сом которулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Жакшылык 16 жашында  11,5 миллион сом алат.

Эске салсак, жети миллионунчу кыргызстандык 19-октябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн. Баланын атын президент Садыр Жапаров койгон.