Мамлекеттик векселдерди жайгаштыруу аркылуу бюджетке 70 млн сом түштү

20 декабря 2021, 15:56

Бүгүн, 20-декабрда өткөн жүгүртүү мөөнөтү 12 ай болгон мамлекеттик казына векселдерин кошумча жайгаштыруунун жыйынтыгында бюджетке 70 млн сом түшкөн. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Эске салсак, мамлекеттик векселдердин эмиссиясынын пландалган көлөмү 100 миллион сомду түзгөн. Бир баалуу кагаздын номиналдык баасы - 92,09 сом, кирешелүүлүгү 8,5 пайыз.

Кошумчалай кетсек, 17-декабрга карата Кыргызстандын казыналык векселдер боюнча милдеттенмелери 833 млн 177 миң сомго бааланган.