8-Мартта берилүүчү популярдуу белектердин аты аталды

6 марта 2020, 13:00

Эл аралык айымдардын майрамына карата мырзалардын басымдуу бөлүгү кондитердик азыктарды белек кылышат экен. Бул тууралуу «Известия» порталы маркетологдор Гильдиясынын изилдөөсүнө таянып, жазып чыгышты. 

Көп берилүүчү белектердин ичинен үчүнчү орунда - духи жана косметика турат. Андан сырткары айымдарга дайыма гаджет, аксесуар, ич кийимдерди белек кылышат. 

Топ белектердин ичине сертификаттар, тасмага же театрга билеттер жана кафе, тойканаларга коноктоо кирди. 

Популярдуу белектердин ичине казак-аяк, тиричилик техникалары дагы бар. 

Адистердин айтымында, 8-Мартта берилүүчү белектердин орточо баасы 1.5 миң - 2 миң рублдун тегерегин түзөт.