Соцөнүгүү министрлигинин эсебиндеги каражаттардын 82.99% коротулду
Финансы министрлигинин Борбордук казынасы берген маалыматка ылайык, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин эсебине келип түшкөн каражаттардын суммасы 22-апрелге карата 16 млн 121 миң 47 сомду түздү.
Сумманын басымдуу бөлүгүн, т.а. 1 млн сомду эсепке Beeline соода маркасы ООО «Скай Мобайл»которду.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө эсептеги каражаттардын 82.99% же 13 млн 379 миң 996 сому коротулган.
Эсепке 16-апрель күнү которулган каражаттар:
- Ош шаарынын мэриясынан - 4 млн сом;
- Жалал-Абад шаарынын мэриясы - 1 млн сом;
- Сузак районунун мамлекеттик админстрациясы - 2 млн сом;
- Нарын шаарынын мэриясы - 1 млн сом;
- Ноокат районунун мамлекеттик админстрациясы - 1 млн сом.
Кошумчалай кетсек, коротулган каражаттар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк алууга жумшалган.