Кант заводунун 88% акциясын чет элдик катышуучу компания сатып алды

20 февраля 2023, 12:43

"Апросах" ачык акционердик коому баалуу кагаздардын 5%дан ашык акциясына ээлик кылган адамдын реестринде пайда болгонун жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Алсак, "Инкотес" ЖЧКсы "Апросахтын" 87,84% баалуу кагаздарынын ээси болуп калды.

Белгилеп кетсек, "Апросах" чийки кант, спирт, нан ачыткысы жана шарап-арак азыктарын өндүрүү менен алектенет.

Өз кезегинде, "Инкотес" ЖЧКсы чет өлкөлүк катышуучу компания болуп саналат, анын негизги ишмердүүлүгү өзүнүн кыймылсыз мүлкүн ижарага берүү менен байланыштуу.