9 ай ичинде 25 коммерциялык банк иш жүргүздү

6 декабря 2019, 09:03

2019-жылдын январь-сентябрында 25 коммерциялык банк жана 587 банктык эмес финансылык-насыялык уюм (БФНУ) иш жүргүздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, 9 айда аталган каржы мекмелери тарабынан 105 миллиард сомдон ашуун суммага насыялар берилди.

«Анын ичинде коммерциялык банктар — 81 миллиард сомдон ашуун жана БФНУ — 24 миллиард сомдон ашуун берген», — деп айтылат маалыматта.

Насыя берүүнүн негизги багыттары- соода чөйрөсү, айыл чарбасы жана керектөө муктаждыктары болду.