9 ай ичинде 18.2 млн сомго мыйзамсыз товар ташуу фактысы аныкталган

9 ноября 2020, 09:50

Үстүбүздөгү жылдын тогуз ай ичинде чек ара кызматкерлери тарабынан жалпысынан 18.2 млн сомго мыйзамсыз товар ташуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу чек ара кызматынан маалымдашты. 

Андан сырткары тийиштүү документтери жок 41.6 млн сомго товар аныкталган. 

Кошумчалай кетсек, финансы министрлигинин демилгеси менен республикалык бюджетти, Кыргызстандын аймагына товар ташып келүү тратибин бузган жүк ташуучу унаалардын жана аны кайтаргандардын эсебинен толтурууну сунушталган.