Россияда 9% калк турак жайды ижарага алат

18 июля 2019, 13:53

Учурда 10 млн россиялык  турак жайды ижарага алышат. Адатта ижарага алынган турак жайда жаш же орто жаштагы  25  тен 40  чейинки адамдар жашашат. Алардын  49% турак жайды ижарага  дагы эки жыл пайдаланууу  тууралуу билдирген. 

Эксперттердин эсеби боюнча ижарага алынган акынын орточо суммасы 12  миң рубль. Москва менен Санкт-Петербургдагы ижаранын акысынын орточо баасы  22 миң рубль. Ал эми-миллиондук шаарларда  баалар төмөн. Алар – 11  минден 18  миң рублга чейин барат. .

айтмакчы,  Бишкектеги  ижаранын баасы дагы  Россиялыктардан көп деле айрмаланбайт.  Биздин шаарда эки болмөлүү баардык шартары, эмеректери менен 21 миң  сомго ижарага алса болот. 

«Ижара рыногу өнүгүүдө. Анын өнүгүүсүнүн бирден бир себеби -ички миграция. Анткени, көп жаш адамдар жакшы жашоо үчүн жер оодарууну эп көрүшөт», — деп жазылат маалыматта.