Кыргызстанда 1 миң 744 банкомат орнотулган

17 апреля 2020, 09:25

Кыргызстанда 1-мартка карата 1 миң 744 банкомат орнотулган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.

Улуттук банктан белгилешкендей, 1-мартка карата Кыргызстандын аймагында 1 миң 744 банкомат, 11 миң 260 POS-терминал (анын ичинен 9 миң 136 POS-терминал соода-тейлөө түйүндөрүндө болсо, 2 миң 124 POS-терминал коммерциялык банктардын филиал жана сактык кассаларында турат) жана 1 миң 927 төлөм терминалы орнотулган.

«Улуттук банк тарабынан күн сайын банкоматтар боюнча жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, банктык жабдыктардын 90%ы калкка жеткиликтүү. Ал эми калган 10%ы орнотулган жери карантинге жабылгандыгына байланыштуу иштетилбей турат. Колдонулуп жаткан банкоматтардын бардыгы коммерциялык банктар тарабынан накталай акча менен жетиштүү түрдө толукталып турат. Эгерде банкоматтардын иштешине кедергисин тийгизген жагдай – электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы, байланыштын жоктугу, оңдоо жана алдын алуу иштери – келип чыкса, коммерциялык банктар ал маселени чечүү боюнча ыкчам чараларды көрөт», - деп билдирет Улуттук банк.