91 күндүк ноталардын кирешеси 1.1% жогорулайт

11 марта 2021, 10:10

10-мартта өткөн аукциондун жыйынтыгында 7-, 14-, 28- жана 91 күндүк ноталардын кирешеси 4.35%, 4.80%, 4.95% жана 5.20% түздү. 

 

Улуттук банк кыска мөөнөттүү баалуу кагаздардын эсебинен 5.55 млрд сомду тартууну көздөөдө. 24-февралда өткөн ачык жайгаштырууда  7 күндүк ноталардыкы 0.16%, 14 күндүк ноталардыкы 0.09%, 28 күндүк ноталардыкы 0.07% жогорулаган. 

Ошол эле учурда 91 күндүк ноталардын кирешеси максималдуу түрдө 1.1% өстү. 

Кошумчалай кетсек, 11-мартта 12 айлык мөөнөттүү баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Жалпы сумма 60 млн сомду түзөт.