АӨБ $38.6 насыя алууну профилдик комитет жактырды

28 мая 2019, 13:35

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология менен  аймактык өнүктүрүү комитети 27-майда Азия өнүктүрүү банкынын насыялары менен гранттарына макулдук берди. «Өзгөрүлгөн климаттагы суу ресурстарын пайдалануу жана кырсыктардын алдын алуу» келишими 2018-жылы  31-декабрда Бишкекте кабыл алынган. 

Долбоордун башкы максаты өзгөрүлгөн климатта кырсыктардын алдын алуу, туруктуу  өнүгүү. 

«Долбоордун жалпы бюджети – $43.6 млн, анын ичинде  $38.6 млн каражатты  Азия өнүктүрүү банкы каржылайт. Каражаттын бир бөлүгү $16.8 млн, – грант, а $21.8 млн – жеңилдетилген кредит. Кыргыз Өкмөтүнүн салымы $5 млн. Кредит 32 жыл мөөнөттө берилип, анын  8 жеңилдетилген мезгил болуп каралган.  Жылыдна 1% жана 1.5% чен менен  жеңилдетүү буткөн соң чегерилген», – деп түшүндүрдү  Жогорку Кеңеште.

Долбоор үч компоненте жүрөт:

  •  ирригация инфраструктураларын жаңылоо;
  • ирригация  жана айыл чарба тармактарын башкаруу;
  • улуттук денгээлде кырсыктардын алдын алуу.