АКШ өкмөтүнөн кантип аз пайыздагы насыя алса болот?

10 октября 2019, 11:44

EXPO көргөзмөсүндө жана Бишкек салым форумунда АКШ өкмөтүнөн кантип аз пайыздагы насыя алуу боюнча маалымат берилет. 

Бул тууралуу бүгүн, 10 – октябрда Бишкек салым форумундагы көргөзмөнүн ачылышында АКШнын КР элчиси Дональд Лу билдирди. 

«Орто Азиядагы ийгиликтүү ишкерлер менен жолугуу үчүн америкалык, европалык компанияларды Бишкектен тосуп алууга даярбыз», - деп билдирди. 

Андан сырткары, Дональд Лу Европанын, АКШнын ишкерлери  Орто Азия бизнес ээлеринин юридикалык маданиятын изилдеп жаткандарын кошумчалады.