Абдыбалы тегин Сүйөркул финансы министринин орун басары болуп дайындалды

3 июля 2019, 09:17

Абдыбалы тегин Сүйөркул финансы министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Абдыбалы тегин Сүйөркул Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин жаңы орун басарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – министр Самат Кылжыев тааныштырды.

Эскерте кетели, Абдыбалы тегин Сүйөркул  буга чейин Улуттук банкта төраганын орун басары катары жетекчилик кызматтарда иштеп,  андан тышкары экономика жана финасы боюнча окутуучулук менен дагы алектенип келген мыкты адис катары белгилүү.