Айдарбеков АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Дэвид Хейл менен сүйлөштү
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын Мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Дэвид Хейл менен телефон аркылуу сүйлөштү.
КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сүйлөшүү күн мурун, 2-мартта америка тараптын демилгеси боюнча болгон.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Айдарбеков менен Хейл эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өз ара иш-чараларды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү позитивдүү маанайда талкууланды.