Айдарбеков Европа биримдигинен дары-дармек каражаттарын алууга көмөк көрсөтүүнү суранды

23 июля 2020, 09:00

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен видеоконференция аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыкты күчөтүү маселелерин талкуулашкан.

«ЕБнын ыкчам көңүл буруп, билим берүү, социалдык коргоо секторлору үчүн бюджеттик колдоонун алкагында каатчылык менен күрөшүүдө өзгөчө муктаждык үчүн 36 млн евро өлчөмүндө кошумча колдоо көрсөтүү жөнүндө билдирүүсү үчүн кыргыз тарабы ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бүгүнкү күндө ар кайсы өлкөлөрдөн, анын ичинде ЕБ өлкөлөрүнөн келип жаткан азык-түлүк, медициналык жабдыктар түрүндөгү гуманитардык жардамдар үчүн дагы ыраазычылык билдирилди», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министр Ч.Айдарбеков ЕБ-ДСУ механизми аркылуу, атап айтканда, 2020-жылдын 20-июлунан тартып иштей баштаган «Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү «COVID-19»: каатчылыкка көңүл буруу чаралары» (CACCR) барын камтуучу тилектештик пакети» деп аталган ЕБнын жаңы долбоору аркылуу дары-дармек каражаттарын алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

ЕБ тарабынан берилген ВСП+ статусунун мүмкүнчүлүктөрүн Кыргызстандын пайдалануусунун алкагында долбоордук колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.