Айдаркен чек ара отрядында аткезчилик фактысы аныкталды

23 июня 2020, 15:45

Мамлекеттик чек ара кызматынын Айдаркен чек ара отрядындагы кызматкерлер аткезчилик жол менен ташылып бара жаткан жүктү аныкташкан. 

 

Маалыматка ылайык, мүрзө жергесинде HYUNDAY-PORTER автоунаасы менен өткөрүү жайынан тышкары аймактан мыйзамсыз түрдө 24 000 лампочканы уруксат берүүчү документтери жок Өзбекстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын Д. Б. аттуу жараны кармалган.

Кармалган жүктүн жалпы суммасы 240 000 сомду түзгөн.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жараан жана жүк КР МБКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.