“Альянс Алтын” жана “Бакубат Талас” улуттук көчмөндөр оюндарын өткөзүүгө көмөк көрсөтүштү

17 сентября 2019, 09:36

ОсОО “Альянс Алтын” акционеры Талас облусунда  өткөрүлүүчү Улуттук көчмөндөр оюндарына 7 млн. сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп, колдоо көрсөттү. 

Мындан сырткары, “Бакубат Талас” фонду “Манас Ордо” улуттук комплексине жана “Кароол Чоку” айылына ичүүчү таза суу  чыгарууга бир катар иштер бүткөрүлдү. Жалпысынан  4.7 млн. сом акча каражаты бөлүндү.

Таластагы Р.Алканов атындагы ипподромдун тегереги жана К.Сейдасанов көчөсүн жарыктандыруу иштери жана ипподромдун ички көчөлөрүн асфальтташтыруу иштери жүргүзүлдү. Ипподромдун тегерегин тосуучу аркалар коюлду.