“Aurora” фильмин тартуу үчүн 50 миң $ акча каражаты сарпталган

26 сентября 2019, 09:31

2019-жылдын, 25-сентябрында Бишкек шаарындагы кинотеатрлардын биринде “Aurora” көркөм фильминин жабык көрсөтүүсү болду. Тасманын режиссёру – Бекзат Пирматов, тартуу иштерин – Toptash prodaction студиясы жүргүзгөн. Башкы ролдорду – Альбина Имашова, Марат Амираев, Болот Тентимишов, Бактыбек Мамытов, Дина Жейкоб аткарышкан. 

 

Кинонун режиссеру Бекзат Пирматов “Акчабарга” берген маегинде тасманы тартуу үчүн баш-аягы 50 миң АКШ доллары сарпталганын,  башкы рольду аткарган актерлого күнүнө 5 миң сомдон – 100$ чейин гонорар төлөнүп турганын айтты. 

“Aurora” фильми  Кыргызстандан “Оскар” сыйлыгына чыгарылган. Бул тууралуу тасманы тартуу иштерине көмөктөшкөн Нурлан Анарбаев билдирди. Анын айтымында  фильм өзүнүн чыгашасын актайбы азырынча белгисиз. 

Фильм мындан эки жыл мурун  Ысык-Көлдөгү “Аврора” пансионатында тартылган.  Анда  келген ар түрдүү эс алуучулардын бир күндүк жашоосу сүрөттөлөт. Буга чейин көркөм тасма Корея республикасында көрсөтүлгөн. Ал эми Кыргызстандык көрүүчүлөргө  26-сентябрдан баштап тартуулана баштайт.