Фермерлерге насыя үчүн банктарга 1.5 млрд. сом бөлүндү

8 октября 2019, 09:03

Кыргызстандын Улуттук банкы 10-октябрда «Айыл-чарба тармагын каржылоо -7» долбоорунун алкагында банктарды каржылоо үчүн аукцион өткөрөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет. 

Коммерциялык банктарга 1.5 млрд. сомго чейин, 6 ай мөөнөткө 4.24% менен каражат бөлүп берүү пландалууда. Максат - Айыл-чарба багытына карата каржылоо, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, мал чарбачылыкты, айыл-чарба дүңдү даярдоо жана кайра иштетүү болуп эсептелет. 

Банктарга минималдуу 20 млн. сомдон, - максималдуу 450 млн. сомго чейин берилет.