2020 – жылы Башкы прокуратуранын чыгымы 602, 8 млн. сомду түзөт

18 сентября 2019, 15:37

Башкы прокуратуранын 2020- жылдагы чыгымы 602, 8 млн. сомго каралууда, 2019 – жыл менен  салыштырып караганда, чыгымдын саны 15,5 млн. сомго көбөйөт. Бул тууралуу каржы министри маалымдайт.  
 
Башкы прокуратуранын чыгымдарынын көбөйүшүнүн себеби – укук коргоо органындагы системаны рефармалоого 33  жумушчу орундарынын  түзүлүшү 14, 2 млн. сомго каралган жана 1.3 млн. сом Башкы прокуратуранын бала бакчасы жана прокуратурага баш ийген мекемелер менен аппараттын ортосуна кайра бөлүштүрүү үчүн каралган.