Баткен шаарына 46,5 млн сомго логистикалык борбор курулат

11 марта 2020, 12:10

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-мартта, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында бул аймактагы инфратүзүм жана айыл чарба долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Иш сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Баткен шаарындагы логистикалык борбордун, сүттү, өрүктү кайра иштетүү ишканаларынын, айнек, темирбетон заводдорунун жана мал союучу жайдын курулуш долбоорлору менен таанышты.

Баткен шаарында логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоордун жалпы баасы 46,5 млн сомду түзөөрү белгиленди. Анын курулушуна Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан жарым-жартылай каражат тартуу болжолдонууда. Долбоорду 2021-жылы бүткөрүү пландаштырылган. Аталган логистикалык борборго 1000 тоннага чейинки көлөмдөгү ар кандай продукцияларды сактоого болот.

Өрүктү кайра иштетүү боюнча ишкананын курулушун бүткөрүү үстүбүздөгү жылга, ал эми сүттү кайра иштетүүчү ишкана, айнек заводу жана мал союучу жайдын курулуштарын бүткөрүү 2021-жылга, темирбетон заводунун курулушун бүткөрүү 2022-жылга белгиленген.

Мамлекет башчысы жергиликтүү эл менен болгон сүйлөшүүлөрүндө жер-жерлерде ишкерлерди колдоо, атамекендик продукцияларды чет өлкөлүк базарларга чыгаруу үчүн тиешелүү инфраструктураларды түзүү, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукцияларынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жана алардын сапатын көтөрүү зарылдыгын баса белгиледи.