Beeline кооз номерлер аукционун ишке ашырат

26 августа 2019, 12:03

Бүгүнтөн баштап Beeline бардык калоочулар үчүн кооз номерлердин эки жумалык аукционун баштады. Иш чара 2019-жылдын 31-декабрына чейин этап түрүндө өтөт. Аукциондун азыркы этабы 2019-жылдын 5-сентябрында аяктайт.

Аукцион онлайн режиминде өтөт.  1 лоттун баштапкы баасы 1 сомдон 100 миң сомго чейин болот.

Кооз номерлер (VIP, Платина, Алтын+ категориясындагы) эң жогорку бааны сунуштаган колдонуучуларга берилет. Аукциондун мөөнөтү бүткөндөн кийин жеңүүчүгө эки жумадан билдирүү келет. Андан кийин колдонуучу Beeline`дын сатуу жана тейлөө кеңсесине келип номерди каттатып, ага сунуштаган акчаны (накталай түрдө) төлөгөндөн кийин кийин sim-карта тапшырылат.

Эскертсек, эгер аукционго катышып жаткан колдонуучу сайтыбызга каттала турган болсо лоттун баасы дагы жогорулайт. Ошондой эле аукциондун жүрүшү тууралуу суроолорго жооптор сайтыбызда кеңири жазылган.