Беларусиянын бир авиакомпаниясы Ашхабадга болгон каттамдарын токтотту

9 марта 2020, 09:30

Беларустун Belavia авиакомпаниясы Ашхабадга каттамдарды аткарууну токтотту. Бул тууралуу «34travel» басылмасы компаниянын башкы директорунун орун басары Игорь Чергинецке шилтеме кылып билдирди.

Анын айтымында, каттамдардын токтотулушуна дүйнөдө коронавирустун жайылып жаткандыгы себеп болду.

«Биз коронавируска байланышкан абалга көз салып жатабыз. Миланга каттамдардын санын азайтып, Ашхабадга учпай калдык. Азырынча жадыбалыбызда башка өзгөрүүлөр жок», – деди Чергинец.

«Белавиа» буга чейин Минск – Ашхабад – Минск багыты боюнча жумасына бир жолудан каттамдарды аткарып келген.

«Түркмөнпортал» басылмасынын маалыматына караганда, ушу тапта Ашхабаддан Минск шаарына «Түркмөн аба жолдору» авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды аткарууда.