Биринчи май райондук сотунун судьясы пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

13 марта 2020, 11:15

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы кармалды. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан (Финпол) кабарлашкандай, ал 2 миң доллар өлчөмүндө пара алууга шектелүүдө.

Эске сала кетсек, судья кечээ, 12-мартта кармалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши башталды.