2020-жылы Бишкекте 10дон ашык сейил бак ачылат

26 декабря 2019, 15:03

Бишкекте 2020-жылы 10дон ашык сейил бак жана скверлер ачылат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын адиси Бердикбек Кыштообаев билдирди.

Ал, учурда шаар ичинде абанын булганыш маселесин чечүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып, «Бишкек жашылдандыруу» ишканасы тарабынан быйыл 10 миңден ашык көчөт отургузулуп, сейил бактар ачылганын белгиледи.

«2020-жылы 10дон ашык сейил бак жана скверлерди ачуу пландалууда», - деди ал.