Бишкекке 15 млн сомго 6 тез жардам унаасын сатып алуу пландалууда

24 июня 2020, 13:45

Бишкек шаарынын мэриясынын «Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы» мекемеси «А» классындагы тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылгандай, шаарга 6 тез жардам унаасын сатып алуу пландалууда. Ал үчүн 14 млн 739 миң 996 сом каралган.

Сынактык билдирүүлөрдү калтыруунун акыркы мөөнөтү – 15-июль.