Азык-түлүктү кымбаттаткан айрым соода түйүндөрүнө айып салынды
17-апрелде Мамлекеттик антимонополия кызматы финансы полициясы жана Бишкек мэриясынын жетекчилери менен биргеликте борбордогу бир катар соода түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүшкөн.
Маалыматка ылайык, текшерүү иштери төмөнкү соода түйүндөрдө жүргүзүлгөн:
- «Кампа» кичи дүң азык-түлүк соода борбору;
- «Вечерка» кичи маркети;
- «Гренки» маркети;
- «МигГрос» супермаркети;
- «Яр-марка» супермаркети;
- «Весна» дүкөнүндө;
- «Алма» гипермаркетинде.
Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында, төмөнкү азык-түлүктөргө болгон баа коюлган чектен ашыгы менен сатылып жаткандыгы аныкталган: кумшекер, макарон, суу май, 1-сорттогу ун жана уй эти. Мындан улам дүкөндүн ээлерине төрт админстративдик айып пул салынды.