Бишкектеги күндүзгү стационарларга кантип жардам берсе болот?

9 июля 2020, 17:30

Учурда Бишкек шаарында 9 күндүзгү стационар эртең мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

 

«Учурда муниципалитет, бизнес, коомдук уюм жана кайдыргер эмес шаар тургундарынын биргеликтеги иш-аракети аркылуу стационарларга керектүү жабдыктар, медицина кызматкерлери үчүн жеке коргонуучу каражаттар келүүдө. Бишкек шаарынын мэриясы пандемия маалында четте турбаган бардык адамдарга ыраазычылык билдирет. Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер стационарларга жабдык, дары-дармек, медицина кызматкерлери үчүн жеке коргонуучу каражаттар, тамак-аш түрүндө колдоо көрсөтүүнү кааласаңыздар стационарлардын ишин караган шаар райондорунун акимдеринин орун басарларына кайрылсаңыздар болот», - деп айтылатта.

Шаар райондорунун акимдеринин орун басарларынын телефон номерлери:

Биринчи май району: 0990 999 444 – Аида Жолочуевна;

Октябрь району: 0559 038 585 – Айнура Жанышевна;

Свердлов району: 0999 855 558 – Асел Садыковна;

Ленин району: 0555 184 328 – Жамал Бекмурзаевна.