Бишкекте мыйзамсыз сатылып жаткан ири партиядагы алкоголдук продукция аныкталды

12 марта 2020, 12:15

Бишкекте сатууга лицензиясы жок ири партияда алкоголдук продукция аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай факт Мамлекеттик салык жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтарынын биргелешип жүргүзгөн иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталды.

Натыйжада ар кандай ассортименттеги 2 миң 234 бөтөлкө тартып алынды, анын ичинен «Любимый маркетинен - 1164 бөтөлкө, «У дома» маркетинен – 170 бөтөлкө, «Крымские вина» маркетинен – 900 бөтөлкө элиталык вино.

Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү иши жүргүзүлүүдө.