Бишкекте ооз ачуу өткөргөн «Кара-Суу» чайканасынын ээсине айып салынды

19 мая 2020, 13:30

Күн мурун түнү ӨКМ, ИИБ, Санэпидемкөзөмөл кызматкерлеринен турган Ленин райондук тобу жана акимчилик тарабынан «Кара-Суу» чайканасы иштеп жаткандыгы аныкталган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

«Баардык конок бөлмөлөрүндө эс алып жаткан адамдар болгон жана кызматкерлер толук курамда иштеп жаткан. Кафенин кожоюну А. Конгантиев бул фактты алар ооз ачуу өткөрүп жаткандыгы менен түшүндүргөн», - деп айтылат маалыматта.

 

Жеринде протокол түзүлүп, чайкана ээсине айып салынган.

Мэриядан санитардык рейддер улантылып жаткандыгын кошумчалашты.