Бишкекте социалдык жактан маанилүү товарлардын баасы жогорулады

6 апреля 2020, 11:45

Бишкек шаары жана Чүй облустарындагы социалдык маанидеги товарлардын максималдуу баалары тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги маалымат берди. 

Маалыматка ылайык, нандын баасы - 39 сомдон 40 сомго чейин, кум-шекер - 40 сомдон 43 сомго чейин, картошка - 25 сомдон 40 сомго чейин кымбаттаган. 

4-апрелге карата  азык-түлүктөрдүн максималдуу баасы (бир килограмм/литр): 

  • ун — 30.5 (биринчи сорт) жана 23 (экинчи сорт) сом;
  • жергиликтүү сүттүн баасы— 50 сом;
  • өсүмдүк майы— 90 сом;
  • каймак май— 350 сом (Чүй облусунан өндүрүлгөн) жана 410 сом (Талас облусунан өндүрүлгөн);
  • эт — 360 (уй жана кой эти) жана 290 (чочко эти) сом;
  • шекер — 43 сом;
  • макарон азыктары — 50 сом;
  • тоок жумурткасы — 80 сом (10 даана);
  • картошка — 40 сом;
  • күрүч — 85 сом (жергиликтүү) жана 90 (импорттолгон) сом.

Улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматына ылайык, 3-апрелге карата төмөнкү азык-түлуктөргө болгон баанын саны жогорулаган: 

  • 10 даана тоок жумурткасы - 77 сом;
  • нан — 46 сом;
  • өсүмдүк майы — 98 сом.