Бишкекте коомдук унаалардын 82 айдоочусуна айыппул салынды

25 июня 2020, 13:15

 Бишкекте санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн коомдук унаалардын 82 айдоочусуна айыппул салынган. Бул тууралуу Автоунаа, суу унаасы жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлү агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Уланалы Абдраимов билдирди.

 

Анын айтымында, 27-майдан бери Бишкекте 2 миң 80 автобус, кичи автобус жана троллейбус текшерилген. Алардын ичинен 82 айдоочуга жана 6 юридикалык жакка (транспорттук компания) 87 миң сом айыппул салынган.