Бийик технологиялар паркынын кирешеси 247 млн сомдон ашкан

29 июня 2020, 14:45

Бийик технологиялар паркынын кирешеси дээрлик 247 млн сомдон ашкан. Бул тууралуу мамлекеттик байланыштар комитетинин өкүлү Алтынбек Исмаилов билдирди. 

Маалыматка ылайык, көрсөткүч 2019-жылдын I кварталына салыштырмалуу 15% жогорулаган. 

Алтынбек Исмаилов билдиргендей, паркта иштеген кызматкерлердин саны дагы 726га көбөйгөн. Эмгек акы үчүн 113 млн сом бөлүнөт. 

«Экспорттун көлөмү 84% түздү. Биринчи кварталда буйрутманын басымдуу бөлүгү АКШ, Казакстан, Улуу Британия, Кипр жана Кувейттен келген», — деп айтты Алтынбек Исмаилов.