Alibaba таза кирешеси 37% өсүп, $13 млрд болду

16 мая 2019, 12:30

Кытайдын интернет-гигант  Alibaba  компаниясы  2018-2019 -жылды кирешелүү аяктады. Таза киреше 37%  өсүп, $13 млрд жетти. 

Бир акциянын таза кирешеси $3.91 пайыздан $4.97 жеткен.

« Alibaba компаниясынын кирешеси жыл ичинде 1.5 эсе жогорулап, $56.152 млрд болгон. Команиянын таза кирешеси IV-кварталда жылдык эсепте 3.4  өсүп, $3.9 млрд жеткен.  Кытайда компаниянын кардарлары өсүп 654 млн активдүү керектөөчүгө айланнган», — деп жазат компания. 

Alibaba group — Кытайдын ири интернет компаниясы.  Джек Ма 1999-жылы Alibaba group негиздеп, ага бир нече туунду интернет-компаниялар жана интернет аянтчалары кирет: Alibaba Pictures, Alibaba.com, AliExpress.com, Taobao.com, Tmall.com.