Мигранттардын акча которуусу $67.7 млн кыскарды

2 августа 2019, 11:05

Кыргызстандык эмгек мигранттары май айында $194.3 млн сом которушту. Негизги сумма адаттагыдай эле Россиядан $190.2 млн келип, ал  жалпы сумманын 97.9% барабар. 

Расмий маалыматтарга караганда Кыргызстанга кирген  акчанын агымында $67.7 млн аз болду. Анткени, былтыр дал ушул мезгилде   $262 млн мигранттар мекенине которгон.

Айтмакчы, Россиядан келген акчанын агымы  азайган. Ушул эле маалда КМШ башка мамлекеттеринен акча салуу  $700 000 жогорулаган.